Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 03.11.2017 08:06 На русском

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмү 12 млн сомго оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратында 12 млн сомго капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, учурда терезелер алмаштырылып, имараттын ичи жана сырты шыбалып жатат. Ошондой эле, электр, канализация жана жылытуу системасы толугу менен жаңыланат.  

Оорукананын бул бөлүмү 30 керебетке ылайыкталып, имарат 2000-жылы пайдаланууга берилген. Бирок 2012-жылы пайдубалынын чөккөнү байкалып, дубалдарда жарака пайда болуп, канализация системасы бузула баштаган.  

Оңдоо иштерин 2017-жылдын декабрь айынын аягында бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×