Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык С.Саткынбаева кыздарга 50 миң сомдук септерди даярдайт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну Сайкал Саткынбаева кыздардын 50 миң сомдук себин даярдайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунда чоңойгон.

«Кол өнөрчүлүктү бала кезимде эле чоң энем үйрөткөн. Кийин турмушка чыккандан соң убакыт тартыш болуп, алектенбей калгам. 5 жыл мурун кайра жандантып, кыздардын себин жасай баштадым. Улам көбөйтүп, кыздардын сунушун эске алып, төшөктөрдү өзгөчөлөнтүп жасап баштадым. Буйрутмалар Талас облусунан гана эмес, интернет аркылуу башка облустардан түшө баштады. Кыздардын себи 2 сыйрадан баштап, 6-7 сыйрага чейин болот. Баалары жасалып жаткан кездеменин сапатына, баасына карата чыгарылат. Эң жөнөкөйлөрү 25 миң сомдон башталып, эң сапаттуу кездеме менен жасалган 5 сыйра сеп 50 миң сомго бааланат. Септин 1 сыйрасында 1 жууркан, астыңкы 1 төшөгү жана жер төшөк менен болот. Көп учурда буйрутмалар жай, күз айларында болот. Кызым дагы мени менен кошо тигип, көмөктөшүп үйрөнүп жатат. Келечекте цех ачсам деген үмүтүм бар», - деди ал.

Кол өнөрчү айым жолдошу Уларбек Саткынбаев экөө 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3510
Көп окулду
×