Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуМанас району 22.11.2017 10:49 Жаңыланды: 23.04.2018 14:40

Айыл турмушу: Манастык Б.Телебаев 22 жылдан бери ашпозчу болуп иштейт (фото)

Turmush -  Манас районунун Жайылган айылынын 54 жаштагы тургуну Бедияр Телебаев 22 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2 жылдан бери кафе иштетип жатат.

«22 жыл мурун ашпозчулукту үйрөнүп, кесип кылгам. Ошондон бери иштеп келем. Ашканадагы тамактардын баардык түрүн, ар элдин ашканасынын тамактарын жасайм. 2 жыл мурун жубайым Анара экөөбүз кафе ачканбыз. Учурда аны иштетебиз. Тамактар өз колубуздан чыгат.

Ашпозчулуктан тышкары спорт менен машыгам. Өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде иштейм. Учурда стол теннисинен 12 тарбиялануучум бар», - деди ал.

Ашпозчу-машыктыруучу буга катар эле, ашканадагы кызыктуу окуясын айтып берди.

«Көлдө пансионатта 7 ашпозчу иштеп жүргөнбүз. Мен тамак жасап жатып жанымдагы шеригимдин мойнуна муздак картошканы тийгизип койсом, ээси ооп кулап калса болобу. Чочуп, суу чачып жатып араң ээсине келтиргенбиз. Ашканада бирде колуң күйөт, бирде кесилет. Бирок бул кесипти тандап, даамдуу тамактарды жасап жатканыма эч өкүнбөйм», - деди ал.

Бедияр Телебаев 7 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×