Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Бала тили — бал: Талас акем аял таппай ыйлаптыр, - 5 жаштагы Нурел (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Талас шаарында жашаган 5 жаштагы Нурел Муктаралиев.

- Нурел, сен бала бакчага барасыңбы?

- Ооба, бөбөгүм Айбийке деле барат.

- Бала бакчадан кимди сүйөсүң?

- Мен Динар эжекемди (тарбиячысын). Ал келбесе мен деле баргым келбейт.

- Эмнеге?

- Просто скучно да.

- Бул ким (А.Атамбаевдин сүрөтүн көрсөттүм)?

- Бул Атамбаеп, ал «ыя» деп урушат го телефизордон.

- Чоң эне жакшыбы же таенеби?

- Мм... энем, бирок ал кечке эле сүт бере берет, аа таенем конфет, токоч, йогурт алып келет.

- Бөбөгүңдү ким карайт?

- Мен, апамдар карабайт деле.

- Санаганды билесиңби?

- Ооба, орусча, кыргызча, англисче билем.

- Ырдагандычы?

- Ооба билем.

Сары чымчык болоюн,
Сары ташка коноюн.
Энемдин башы ооруса,
Өзүм врач болоюн (ырдап жиберди).

Тырактыр, тырактыр
Бурамасын бураптыр
Талас акем аял таппай ыйлаптыр, ха-ха (Талас — атасынын иниси).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×