Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Жеңеке: Гүлнара жеңе кайын журту куда түшүп келгенде кол берип учурашып таң калтырган (фото)

Turmush -  Манас районунун Жайылган айылындагы 42 жаштагы Абдылдаева Гүлнара жеңе кайын журту куда түшүп келгенде аларга кол берип учурашып таң калтырган. Жеңеке менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районуна караштуу Покровка айылында чоңойгон. Учурда айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз анын карындашы аркылуу таанышып калдык. Мен көргөндө эле жактырып калгам. Кийин кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Кийин жолдошум 1 жылга аскердик милдетин аткарганы кетти. Мен күтүп жүрдүм. Кат жазышып сүйлөшүп турдук. Келгенден соң сөйкө салып алып кетишкен», - деди ал.

Жолдошу Самидин Абдылдаевдин айтымында, жубайы экөө 1 кыз, 2 уул, 1 неберенин ата-энеси.

«Жубайымдын бир кылыгы эсимден кетпейт. Эстеген сайын баарыбыз күлүп калабыз. Биз сөйкө салып барганыбызда жубайым баардыгыбыз менен кол берип учурашкан.

Экөөбүз эң бактылуу жубайларданбыз. Өзүм саяпкерлик менен алектенип, күлүк аттарды таптайм. Балдарым ал аттар менен байгелерге катышат. Жубайымды бардык тараптан мыкты десем жаңылбайм. Анткени ал жумушуна да, үй тирилигине да жетишет. Мисалы гүлдүн 30 түрүн өстүрүп сатат», - деди жолдошу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3316
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×