Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Таласта массалык мушташуудан улам каза болгон студенттин өлүмүнө 9-класстын окуучусу шектелүүдө

Turmush -  Манас районунун Покровка айылында өспүрүмдөрдүн массалык түрдө мушташуусунда башынан жаракат алган 17 жаштагы Ж. уулу Али 14-декабрда каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мушташ 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү болгон. Бала-Саруу жана Покровка айылдарындагы мектептердин 9-10-класстарынын окуучуларынын ортосунда пикир келишпестик болуп, эки тарапта 30га жакын окуучу ээн талаага чыгып, массалык түрдө мушташкан. Анын кесепетинен 17 жаштагы Ж. уулу Али башынан оор жаракат алып, Манас районундагы ооруканага түшкөн. Ал эртеси — 14-декабрь күнү жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумган. Окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү) кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүү катары 9-класстын окуучусу кармалып, соттун чечими менен үй камагында болууда.

Каза болгон Ж. уулу Али Талас агрардык колледжинин 1-курсунун студенти болгон.

Анын окуу жайдагы куратору Миргүл Мамбетованын айтымында, ал ноябрь айынын этегинен бери сабакка катышкан эмес.

«Али менин тайпамда окуп жаткан. Келгенде эле активдүүлүгүн көрсөтүп, маданий иш-чараларга катышчу. Окуудан дагы жакшы окуган, эч кимге зыяны тийбеген бала эле. Бирок ноябрь айынын этегинен бери сабакка келген эмес. Анкетада жазылган ата-энесинин номуруна байланыша албай койгонбуз. Студентибиздин өлүмү боюнча өткөн бейшемби күнү уктук. Үй-бүлөдө 4 бир тууган болчу. Ата-энесинин азасын тең бөлүшөбүз», - деди ал.

Алинин досу, кошунасы Максат Кадыркуловдун айтымында, аны акыркы жолу 1 ай мурун көргөн.

«Али экөөбүз Талас шаарындагы №5 орто мектепте 4-классыбыздан баштап параллель класстарда окудук. Техникумга досум экөөбүз чогуу тапшырдык. Экөөбүз окууга дайыма чогуу барып келчүбүз. Бирок акыркы жолу 1 ай мурун көргөм. Анын каза болгонун уктум», - деди ал.

Каза болгон Алинин сүрөттөрү

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7480
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×