Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Талас

Айыл турмушу: Манастык Ж.Дүйшалиев 10 миң долларлык күлүктөрдү багат (фото)

Turmush -  Манас районунун Сөгөт айылынан 43 жаштагы тургуну Жаныбек Дүйшалиев көп жылдан бери асыл тукум мал багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мал чарбада 11-классты бүткөндөн тарта эле иштей баштаган.

«Көп нерсени атамдан үйрөнгөм. Азыр дыйкан чарба, малды асылдандыруу менен алектенем. Мал кароо деле өзүнчө чеберчилик. Өз маалында чөп салып, өз маалында суу берип туруу керек. Күндүн ысык-суугуна карабай эртеден кечке короодон чыкпай караш керек. Чарбамда 20 жылкы, 400 кой бар. Жылкылардын арасынан экөө асыл тукум. Алардын бирин 10 миң доллардан өйдө сурашкандар болду. Алар ар кандай ат жарыштарга катышып, байгелүү орундарды алып келет.

Ал эми, койлордун арасында гиссар тукумундагы кочкорлор бар. Мал багуу менен алектенген адам табияттын баардык өзгөрүүсүнө даяр болушу керек. Тоого мал менен чыкканда карышкырлардан абдан чоң коркунуч болот. Малды коргоо үчүн 6 тайган багам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, көк бөрү ойнойт. Карышкырларга мергенчилик кылат. 3 уул, 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3241
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×