Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Таластагы катуу шамал 3 млн сомдон ашык чыгым келтирди

Turmush -  27-декабрда Талас облусундагы катуу шамалдан улам келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү 3 млн 113 миң сомдон ашты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Буура районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен 184 үй, 10 социалдык объект, 98 сарайдын жалпы 5178 даана шиферин жараксыз абалга алып келген. Келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 1 млн 449 миң сомду түзгөн.

Бакай-Ата районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен 6 үй, 3 социалдык объектинин жалпы 245 метр квадрат профнастилини, 12 даана шифери, 104 метр стропиласы, 265 метр рейкасы жараксыз абалга келген. Келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 78 миң 875 сомду түзгөн.

Манас районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен. Анын кесепетинен 204 үй, 14 социалдык объект, 76 сарайдын жалпы 2423 метр квадрат профнастили, 4156 даана шифери жараксыз абалга келген. Келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 1 млн 584 миң сомду түзгөн.

Талас облусу боюнча 394 үй, 27 социалдык объект, 174 сарайдын жалпы 2668 метр квадрат профнастили, 9346 даана шифери, 104 метр стропиласы, 265 метр рейкасы жараксыз абалга келген. Келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 3 млн 113 миң 232 сомду түзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1932
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×