Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 02.01.2018 09:52

Жеңеке: Айзат жеңе келин болуп келгенде кайын агасы менен волейбол ойногон (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы 21 жаштагы Каныбек кызы Айзат жеңе келин болуп келгенде кайын агасы менен волейбол ойногон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында чоңойгон. Кесиби боюнча дарыгер. Үй-бүлөдө 3 эмдин түгөйү.

«Жолдошум экөөбүз волейбол ойногону мектепке барган учурда таанышып калдык. Жолдошумдун менде көңүлү бар болчу экен. Ошол эле учурда менден телефон номеримди сураса «телефон көтөрбөйм» деп салган элем. Кийинчерээк менин группалаш кызымдан номеримди алып алыптыр. Жолдошумдун айтымында, номеримди алгандан кийин мага 1 ай чала албай жүрүптүр (күлүп). Көрсө мени «жигитим бар мага эмнеге чалып жатасыз» деп салабы деп коркуптур. 1 жылдай телефондон сүйлөшүп жүрдүк, бирок жолукчу эмеспиз. Күндө жагымдуу каттарды жазчу. Ал учурда мен дагы жактырып калган экем. Жолдошум ошол учурда эле түшүнүктүү, камкор болчу. Мага телефон чалып жүргөндө «окууңа тоскоол болбоюн сабагыңды окуу» деп айтып калчу. 3 жылдай сүйлөшкөндөн кийин үйлөнүү жөнүндө сунуш киргизди. Негизи ал учурда мага жуучулар келип жүргөн болчу. Мен макулдугумду берип, 2015-жылы баш коштук», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Бир күнү кайын ата, кайын энем конокко кетишкен. Биз болсо жолдошум, кайын инилерим, кайын агам болуп волейбол ойногонбуз. Мен кайын агам менен бир команда болуп ойногом. Ал топту ала абай калса, «эй албайсыңбы» деп кыйкырып жиберип аябай уялгам (күлүп)», - деди ал.

Айзат жеңе учурда 1 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×