Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Талас

Жеңеке: Айлазат жеңе кол өнөрчүлүгү менен кайын энесин таң калтырган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы 36 жаштагы Изабекова Айлазат жеңе 17 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Аманбаев айылында чоңойгон. Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Жолдошу экөө 2002-жылы баш кошкон.

«Кайын энем өз кызындай карады. Кайын сиңдилерим менен кайын инилерим ал убакта кичинекей эле. Күндө таттууларды мага деп бекитип коюшуп, атайын «жеңеме берем» деп эч кимге бербей алып келип беришчү (күлүп).

Бир күнү үйдө тамак жасап жатсам эшикте бирөө кирип келе жатыптыр. Жолдошум Бектур тамашакөй жигит эле. Мени тамашага салып, «эшикте кайын агаң келе жатат, чуркап барып салам бер» десе, чуркап чыгып жүгүнсөм кайын иним экен. «Иий сен белең» деп бир чапканым эсимде. Чаап алып аябай уялган элем», - деди ал.

Жеңеке учурда кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Кол өнөрчүлүктү 11-классымда апамдан үйрөнгөм. Учурда келиндик кызматым менен кошо кол өнөрчүлүгүмдү таштабай алып келем. Башында кайын энем аябай таң калган. Кийинчерээк кайын сиңдилериме дагы үйрөтүп калдым. Төшөктөрдү 1200 сомго тигип берем. Кездемелер кымбаттагандан бери төшөктүн, курактын, туш кийиздин баалары дагы кымбаттаган», - деди ал.

Айлазат жеңе 4 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1113
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×