Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Койбагар ата 3 ыр жыйнактын автору (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылындагы 70 жаштагы Турдумамбетов Койбагар ата мектептеги кезинен бери эле ыр жазып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, музыкалык билимге ээ болгон. Кийин тарых адистиги боюнча билим алган. 1981-жылдан 1984-жылга чейин музыка сабагынан мугалим болуп иштеп, кийин 2000-жылга чейин тарыхчы мугалим болуп иштеген. Акындык өнөрүн 9-классынан баштаган.

«Мектеп партасынан баштап эле ыр дүйнөсүнө кызыгып келгем. 9-классымда окуп жүргөндө эң биринчи ырларымды, аңгемелеримди жазып баштагам. Ал учурда «Октябрь таңга» гезити бар болчу. Ошого аңгемелеримди, ырларымды жөнөтүп турдум. Ал үчүн гонорар алчумун. Эң биринчи аңгемелерим «Эне күйөөсү», «Тур Вьетнам багынба» деген аңгемелер, эң биринчи ырым «Жалгыз булут» деген ыр болгон. Андан кийин дагы көптөгөн аңгеме-ырларды жазып жүрдүм.

Кийинчерээк ыр жазганымды токтотуп, ар кыл тармактарда иштеп кеттим. Бирок 60 жашымда ыр жазууну кайра колго алдым. Жогорудан берилген талант качан канча болбосун өз ордун табат экен. Буйруса акыркы 10 жылдан бери акындык өнөрүмдү алып келе жатам. «Закым жылдар», «Ыр кербен», «Үркүн» аттуу ыр жыйнактарым жарык көрдү. Азыркы убакта өзүнчө «Шоокум» деген өздүк китеп жазуунун үстүндөмүн», - деди ал.

Койбагар аксакал 6 бала, 10 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 535
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×