Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 34 жаштагы суусамырлык баатыр эне К.Кожоналиева бүгүн онунчу баласын төрөдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылынын 34 жаштагы тургуну Кундуз Кожоналиева бүгүн, 8-январда онунчу баласын төрөдү. Бул тууралуу анын жакындары Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Алардын айтымында, Кундуз Кожоналиева 2002-жылы турмушка чыккан. Жолдошу экөө буга чейин 9 баланы тарбиялап жатышкан.

«Турмушка чыкканыма быйыл 16 жыл болду. Жолдошум экөөбүз 9 баланы тарбиялап, бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. 2002-жылы жолдошум мени ала качып кетип, отурбай үйгө келе бергем. Бирок апам «бир элбиз, бир жербиз» деп, кайра алып барып отургузуп койгон. Ошентип 2003-жылы бир кыздуу, 2004-жылы дагы эгиз кыздуу болдук. Быйыл алар 7-класста окуп жатышат. Андан кийин 2005-жылы, 2008-жылы жана 2009-жылы төрөлгөн үч кызым, 2012-жылы төрөлгөн уулум, ошондой эле 3 жаштагы кызым жана эки жаштагы уулум бар. Бүгүн дагы кыздуу болдук», - деди Кундуз Кожоналиева.

Ал учурда оор турмушта күн кечирип жаткандыгын баса белгиледи.

«Айылда жумуш жоктугуна байланыштуу жолдошум бош отурат. Учурда 6 балам мектепте билим алышат. Жашоо шартыбыз начар. 2005-жылы үй куруп баштаганбыз. Бирок шартка байланыштуу эки бөлмөсү эле бүтүп, ошол жерде 9 балам менен жашачумун. Үйдө жашаганга шарт жок. Полу жок, шыбы да урап, түшөйүн деп калган», - деди ал.

Кундуз Кожоналиева 1983-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16812
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Nurnur83
19:40, 08 января 2018
...балдар кандай шартта тарбияланып жатканын көрүп бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз деп...
Нет аватара
kyrgyz_bala
18:52, 08 января 2018
Азаматсыңар...бирок жашоо шарт оор болсо эмнеге балдарды кыйнап көбөйө бересиңер????? түшүнбөйм такыр ушундай нерсени
Нет аватара
zakir777
18:31, 08 января 2018
Молодец! Здоровья и успехов этой великой в прямом смысле слова семье))
Нет аватара
tiko
17:31, 08 января 2018
Вай молодец, өркүндөп өсө бергиле
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   19.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×