Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык мугалим Г.Баялиеванын окуучулары АКШга чейин барып билим алууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлгаакы Баялиева 32 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында чоңойгон. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Окуучулары Америкага чейин барып окуп жатышат.

«Жолчу уулу Урмат атындагы №9 орто мектепте иштеп жаткан кезимде 1993-жылкы окуучулардын класс жетекчиси элем. Бир ирет мектепке комиссия келип, баарыбызды текшерип жаткан учур эле. Классыма барсам орус тили сабагын өтүп жатышыптыр. Кирип барсам балдарым тынч отурушат. Кирерим менен классыма «комиссия келди, күндөлүктөрдү бергиле, ушул убакка чейин кол койдура элексиңерби?» деп урушуп жатып эле аркамды карасам, комиссия аркамда отуруптур. Көрсө мен жетектеген класска кирип, орус тили сабагын текшерип жатышыптыр. Ошондогу уялганымды сөз менен билдире албайм», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу менен 1990-жылы 31-майда баш кошкон. Экөө 1 уул, 1 кыз жана 2 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 663
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×