Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Т.Аманкулов грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерге жетише баштады (фото)

Turmush -  Талас ройонунун 19 жаштагы тургуну Толкунбек Аманкулов грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, инисинин күрөшкө барып жатканын көрүп, ал да күрөшкө бара баштаган. Чоң атасы аракетин байкап, 9 жашында спорт залына алып барган. Учурда И.Раззаков атындагы политехникалык университетте 1-курста окуйт.

«9 жашымда Бекен агайымдын машыктыруусу менен ар кандай мелдештерге катышып, байгелүү орундарды камсыздадым. Андан соң облустук турнирлерге катышып, алдыңкы орундарды ээлей баштадым. 4-классымда Бишкекке барып, таякем Алымкулов Мирбек агайымдын колунда машыга баштадым. Таякемдин колунда машыгып, эл аралык турнирге барып, 3-орунду камсыздап келдим. Алдыда спорт чебери болууга аракет кылып жатам», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1359
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×