Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Турсуканова бийчилик өнөрү менен ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Айжанат Турсуканова бийчилик өнөрү менен ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле бийге кызыкчу. Учурда Талас медициналык колледжинде 2-курста окуйт.

«9 жашымда А.Огонбаев атындагы музыкалык мектептин хореография бөлүмүнүн босогосун аттагам. Аны 2015-жылы ийгиликтүү аяктадым. Музыкалык мектепте окуп жаткан учурда «Кыялкеч» бий ансамбли менен сынактарга, фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болдук. Музыкалык мектепти аяктагандан кийин да бийчилик өнөрүмдү таштаган жокмун. Биринчи жолу сахнага чыкканда толкундануу болгон.

Бийлеп жаткан учурда кыздар менен көзүбүз менен сүйлөшөбүз. «Достук шаңы» фестивалында бут кийимим чечилип кеткенин кыздарга көзүм менен белги берип түшүндүргөм.

Азыркы учурда «Байбол» бийчилер тобунда бийлейм. Тойлорго барып бийлеп турабыз. Алдыда өзүмдүн бий тобумду ачкым келет», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2914
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×