Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Раева ырчылык өнөрү менен элге тааныла баштады (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Жоон-Арык айылынын 21 жаштагы тургуну Анара Раева ырчылык өнөрү менен тойлордо ырдап, элге тааныла баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бала кезинен ырдаганга кызыгат.

«Чоңойгондо элге таанымал ырчы болууну кыялданчумун. Окуучулук кезде дагы ар кандай сынактарга ырдап катышып жүрчүмүн. Үй-бүлөм колдоосун көрсөтүштү. Кийинчерээк музыкалык окуу жайды аяктап, Россиянын Тюмень шаарына иштегени кеттим. Ал жактан да ырчылык өнөрүмдү таштабай ресторанда ырдап жүрдүм. Ошол кезде Тюменде өткөн "Достук" көпүрөсү фестивалга ырдап катыштым. Фестивалга 21 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Таласка кайтып келгениме 1 жылдын жүзү болду. Азыркы убакта Талас менен Бишкектин тамадалары менен түзмө-түз иштешем. Бишкектин жана Таластын ресторандарында өз өнөрүмдү көрсөтүп элге тартуулап келем. Келечекте ырчылык өнөрүмдү мындан ары улантып элге таанылгым келет», - деди ал.

Ырчы бийкеч үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 782
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×