Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 09.01.2018 21:00

Мекендештер: 18 жаштагы Эржан Кытайда ишкерлик боюнча билим алууга даярданып жүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 18 жаштагы тургуну Анарбек уулу Эржан Кытайда эл аралык ишкерлик боюнча билим алууга даярдык көрүп жүрөт. Алыстагы мекендештен аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кичине кезинен эле Кытайда билим алууну каалачу.

«2017-жылы Таластагы мектепти ийгиликтүү аяктап, кыялымды ишке ашыруу үчүн Кытайдын ар кайсы университеттери жөнүндө маалымат издей баштадым. Окуумду бүткөндө бул жакка сынак тапшырып, анын жыйынтыгы менен Кытайга келип калдым. Ата-энем башында чет жак, бөтөн жер дешип коркушту. Бирок менин келечегим үчүн макулдуктарын берип, колдоо көрсөтүштү.

Учурда Кытай шаарынын Шаньдун провинциясынын Цызбо деген жеринде 1 жылдык даярдык курсунда окуп жатам. Ушул жылдын сентябрь айында жогорку окуу жайга тапшырганга даярдык көрүүдөмүн. Буйруса эл аралык ишкерлик тармагында билим алганы жатам», - деди ал.

Мекендешибиз буга катар эле Кытайга тез эле көнүп кеткендигин кошумчалады.

«Бул жактан көп досторду таптым десем болот. Кыргыз балдар менен кытай элинин ар кандай майрамдарына катышып, кыргыздын «Жалын бийин» бийлеп көрсөтүп жатабыз», - деди ал.

Эржан үй-бүлөдө 7 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×