Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Памирден Таласка көчүп келген О.Султанова башкалардын жардамына муктаж эмес

Turmush -  Талас районунун Кум-Арык айылына Памирден көчүп келген 52 жаштагы Орозгүл Султанова башкалардын эч кандай жардамына муктаж эмес.

Өзүнүн айтымында, учурда өкмөт тараптан ар тараптуу жардам алып турат. Базарда кол өнөрчүлүк менен алектенип, турмуш-тиричиликке жете турган каражат табат.

«Аллага шүгүр, азыр эң жакшы жашоодомун. Өкмөт жардам берип, жөлөк пул алып, ушул күндө эң жакшы жашоодомун. Керек болсо мен өзүм башкаларга жардам бере алам. Биринчи келгенде кыйынчылыктар болду. Элге аралашкандан кийин Аллага шүгүр. Эң жакшы болду, эл көтөрдү, Ак үй көтөрдү. Ушул күнгө чейин кыйналганым жок. Эл жакшы, журт жакшы. Мен башында 16 жыл мурдагы окуяны айткам. Биринчи келгенде кимдер кыйналбасын. Билбей көп кыйналдым. Бирок Таластын элине кошулуп, өкмөтүнө кошулгандан кийин Таластын эли мени эрке кыз кылып алып олтурат. Керек болсо мен жардам бере алам. Баламдын бир, өзүмдүн бир контейнерим бар», - деди ал.

Буга чейин Орозгүл Султанова Таласка 2 баласы менен көчүп келип, бир топ кыйынчылыктарга кабылганы жазылган болчу.

Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Мүзүрбек Борбашевдин айтымында, Орозгүл Султанова айыл өкмөт тарабынан жер берилип, үй курууга көмөк көрсөтүлгөн. Балдарына да жөлөк пул берилет.

«Биздин Кум-Арык айылынын тургуну Орозгүл Султанова Таласка таякеси аркылуу Тажикстандын Нурхат деген жеринен 2002-жылы 4 баласы менен келген. Этникалык деп катталып келген эмес. Таякеси алып келген экен. Ошону менен бизде жашап калган. Бизге билингенден баштап каттоого алып, тынымсыз жардам бериле баштаган. 2007-жылдан бери 4 баласына жөлөк пул алып келген. Учурда неберелери да жөлөк пул алат. 2008-жылы айыл өкмөт тарабынан 14 сотых жер тилке берилип, 2 бөлмөлүү үй салууга эшик-терезе алынып берилип, жардам көрсөтүлгөн. Ага чейин айылда бош үйлөрдүн ээлери менен сүйлөшүп, утурумдук жашоосуна жардам берилип келген. Үй курулган соң райондон жууркан-төшөк, кийим-кече берилген. Жылына 2 гектар жер айыл өкмөттөн ижарага берилет. Ал жерге төө буурчак эгишет. Бүгүнкү күндө бул эже үй-бүлөсү менен Кыргызстандын жараны. Паспорт, милдеттүү медициналык камсыздандыруу күбөлүгү берилген. 2 баласы мектепте окуйт», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 868
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×