Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 10.01.2018 09:10

Айыл турмушу: Таластык А.Сманалиева бийчилердин тобу менен элге кызмат кылып келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Айтурган Сманалиева «Сезим» бий тобунун катарында тойлордо бийлеп келет. Аймактык кабарчы бийчи кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алат.

«Сезим» бий тобунун катарында 3 жылдан бери бийлеп келем. Биз көбүнчө концерттерде, тойлордо өз өнөрүбүздү тартуулайбыз. Бийлегенди кичинемден эле жакшы көрчүмүн. Ата-энем үйгө конок келсе мени бийлете беришчү. 10 жашымда эл алдына чыгып бийлей баштагам. Азыр бийсиз жашоомду элестетүү кыйын», - деди ал.

Бийчи кыздар «Жылдын мыкты бий тобу», «Мыкты номур» сыяктуу наамдарга ээ болушкан.

«Бир жолу бий бийлөөчү ресторанга кечигип жатып, формамдын жартысын үйгө калтырып коюптурмун. Кайра үйгө келип, кайра такси менен башка ресторанга барып алып, өзүмдү жоготуп кызык болгом (күлүп). Акыры эптеп ресторанды таап, кечигип барганыма байланыштуу бетимди боёбой эле сахнага чыгып кеткем. Дагы бир жолу телеканалдардын биринде жаңы жылдык берүүгө тартылуу алдында турганбыз. Биз кыздар менен туфличен эшикте тоңуп турабыз же флешкабызды алардын аппаратурасы окубайт. Аягында бийди музыкасы жок эле бийлеп койгонбуз.

Келечекте окуумду башка өлкөдөн улантсам максаттарым бар. Азыр англис тилин үйрөнүп жатам», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×