
Өзүнүн айтымында, 45 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Мектепте өзү менен кесиптеш болуп иштеген окуучулары көп.
«Ыр жазуу мектептеги кезимден башталган. Агайларым мени ар кандай сынактарга алып барып жүрүштү. Мен ыр жазып, обон чыгарганга абдан кызыкчумун. Токон Эшбаев, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу ырчылардын ырларын угуп таасирлендим. Алар биздин айылга концерт коюп келсе, дайыма барып алардын ырларын укчумун. Өзүм да ыр жазып, обон чыгарып, эл алдында ырдап жүрдүм. Совет учурунда малчылардын да, биринчи катчылардын да алдында ырдап жүрдүк. Илхом мага таң эрте келип, кээ бир учурларда жазып калам. Кээде эринип жазбай калган учурлар болот. Акбар Сүйүнбаев менин «Мезгил» деген ырымды сахнада ырдап жүрөт», - деди ал.
Мугалим-акын-обончу «Эл агартуунун отличниги», «Спорттун отличниги» наамдарын алып, президенттин грамотасы менен сыйланган. Жубайым Гүлбарчын Султаналиева экөө 3 кыз, 2 уулдун ата-энеси.
«Мезгил» чыгармасы Акбар Сүйүнбаевдин аткаруусунда