Turmush - Кара-Буура районунун Шекер айылынын 51 жаштагы тургуну Самат Рыспаев баштаган элдик театр бир топ ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, айылдагы Күркүрөө маданият үйүн 2010-жылдан бери жетектеп келет.
«Чынында элдик театрда айлык төлөнбөйт. Айыл тургундары бекер ойношот. Баарынын башын кошуп, ынтымакта чогултуп, роль бөлүштүрүү, аны сахнага кынтыксыз алып чыгуу менин мойнумда. Ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келебиз. Мисалга «Курманжандын кырк кызы» аттуу республикалык сынакта, андан кийин «Эгиздер» сынагында 1-орундарды алдык. Акыркы 3 жылдан бери сынактардан байгелүү орундарды алып келе жатабыз. Ушул чыгармачылыкта тапканыма, эл менен иштегениме ыраазымын. Быйыл «Жылдын мыкты маданият кызматкери» сыйлыгын алдым.
Жубайым Айгүл Тазабекова Шекерге келген туристтерди тосуп алуу менен алектенет. Быйыл жатак үйлөрдү ачууга аракет кылып жатабыз», - деди ал.
Жубайлар 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси.