Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Эгиздер: Таластык Самара менен Тамараны мектептен мугалимдери айырмалай алышпайт (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 17 жаштагы эгиздер Самара менен Тамара Эсенбековаларды мектептен мугалимдери айырмалай алышпайт. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Тамаранын айтымында, Самара андан биринчи төрөлгөн. Учурда Талас шаарындагы №1 орто мектепте 11-класста окушат.

«Экөөбүз 2000-жылы 26-январда 7 айлык болуп төрөлгөнбүз. Самара 2 кг, мен 1 кг болгом. Үйдөгүлөр ымыркай кезибизде мен кичинекей болгонумду, бирок кийин Самарага теңелип калганымды айтышат. Экөөбүз кичинекей кезибизде өтө тентек болчубуз. Биздин жашаган көчөдө балдар көп болгондуктан балдар менен ойночубуз. Көптөр менин атымды орустардыкына окшош деп ойлошот деген ой менен үйдөгүлөрдү кыйнап, «менин атым эмнеге Тамара?» деп сурай берем. Анда «атыңды чоң атаң койгон» деп кутулушчу (күлүп).

Бизди биринчи көргөндөр айырмалай алышпайт. Жакын туугандарыбыз жакшы тааныйт. Мектептен экөөбүз эки жакта отурабыз. Бүгүнкүгө чейин мугалимдерибиз айрымалай албай, бири-бирибиздин ордубузга отуруп калсак бааларды алмаштырып алып калабыз. Үйдөн ар кандай, көчөгө окшош кийинебиз. Үй жумуштарын тең бөлүшүп жасайбыз.

Бир жолу мектепте Самара экөөбүз алгебра сабагында чогуу отургабыз. Самара көп сүйлөп мага тоскоол боло бергенинен мен «Самара сүйлөбөй отурчу» деп кыйкырып жиберсем, эже мени карап «эмне болду, тынч отур» деп 2 коюп койгон. Ошондо ага аябай жиним келген. Бирок кыйкырганым үчүн уялгам», - деди ал.

Тамара менен Самара үй-бүлөдө 6 бир туугандын ортончулары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2119
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×