Жийдекүл апа: Казакбай менин жездем менен дос болуп жүрчү экен. Экөөбүз мен жездемдин үйүнө барып калып таанышканбыз. Көп узабай эле 1986-жылы 17-мартта баш коштук.
Бир жолу шкафтын эшигин тартсам эшиги кулап түшүп калды. Эртең менен кайын энем көрүп алып, «эшикти эмне бузуп таштадыңар?» деп сурады. Мен «мен бузган жокмун, ачсам эле өзү түшүп калды» дедим. Көрсө кайын энем Казакбай экөөбүз урушуп, мен шкафка жашынып калып, Казакбай эшигин жулуп салды деп ойлоптур.
Учурда өзүмдү бактылуу эне, бактылуу жубаймын деп эсептейм. Жолдошум Казакбайдын колдоосу менен «Эне тилеги» деген фольклордук топто ырдайм. 2017-жылы аталган топ менен «Шайыр апалар» фестивалына, Көчмөндөр оюндарына катышып келдик.
Казакбай ата:Азыркы учурда жубайым Жийдекүл пенсияда. Өзүм Талас областук мамлекеттик стандарттын жетекчиси болуп иштеп жатам. Жубайым экөөбүз 3 кыз, 2 уулдун, 3 неберенин бактылуу ата-энесибиз.