Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 10.01.2018 17:02

Жаш талант: Таластык окуучу Ш.Абдыжапаров ар кандай сынактардан 30дан ашуун грамота алууга жетишти (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылындагы 9-класстын окуучусу Шернияз Абдыжапаров 8 жыл ичинде ар кандай сынактардан 30дан ашуун грамота алууга жетишти. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 8 жыл ичинде спорт жана билим жаатында ийгиликтерди жаратып келет жатат.

«2013-2015-жылдары Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата өткөрүлгөн көркөм окуу боюнча кароо-сынакта райондук, облустук деңгээлде 1-орунду алып, республикалык деңгээлде да байгелүү орунду камсыздагам.

Андан тышкары каратэ, баскетбол, күрөштөн да ийгиликтерди жаратып келем. Математика сабагынан Бишкек шаарында өткөн олимпиадада 1-орунга ээ болдум. Ушул ийгиликтерге жетишкениме атам Талант Шабдалиев менен апам Кайырбүбү Буларованын салымы чоң. Аларга ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Шернияз 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×