Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Талас

Мекендештер: Кара-бууралык А.Шаршенбекова кокусунан окууга өтүп кетип, Кытайда билим алууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 17 жаштагы тургуну Асел Шаршенбекова Кытайдын Цзыбо шаарында билим алууда. Аймактык кабарчы алыстагы студенттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кытайга 9-классты аяктагандан кийин барган.

«Мен бул жерден 1 жыл тил курсун окуйм. Буйруса ушул жылы университетке тапшырганга даярданып жатам. Ата-энем Кытайда билим алуумду колдошту. Чет жакта жашап окуганда бир аз кыйынчылыктар болот экен. Бирок баардыгына көнүп каласың. Бул жакта жашап окуганга баардык шарттар түзүлгөн. Бизге аябай жакшы мамиле жасашат. Кытайда тил курсун окуп бүтүп, өзүң каалаган тармактагы окууга тапшырасың. Азырынча кайсы тармакта жогорку билим алууну так чече элекмин.

Кытайда окуу оюмда жок болчу. Кокусунан эле тест тапшырып, окууга өтүп кеттим. Жакындарым дагы окутабыз деп колдоп калышты. Бул жакка келгениме азыр өкүнбөйм», - деди ал.

Асел үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 902
Көп окулду
×