Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.01.2018 11:41

Мекендештер: Кара-бууралык З.Кеңешбекова экономист болуу үчүн Кытайда окуп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 17 жаштагы тургуну Зулайка Кеңешбекова Кытайдын Цзыбо шаарында билим алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кытайга 9-классты аяктагандан кийин барган. Учурда тил үйрөнүп окуп жатат.

«Бул жакта 1 жылдай кытай тилин үйрөнүү боюнча курс окуйбуз. Буйруса келечекте экономист болууну чечтим. Чет жака келгенде аябай эле кыйналат экенсиң. Башында Кыргызстанга кеткибиз келип, үйдү сагынып кыйналган учурлар болду.

Кытай эли абдан жөнөкөй, сыйчыл болушат. Бул жактан көптөгөн досторду таптым. Кытай студенттери биз менен достошконго кызыгышат. Биринчи Кытайга келгенибизде бул жактагы кыргызтандык студенттер менен дүкөнгө барганыбызда ала турган нерсебизди түшүндүрө албай кыйналчубуз. Адашып калабызбы деп сыртка чыккандан да аябай коркуп турчубуз. Бирок азыр көнүп калдык.

Мен буйруса Кытайдын Гуанчжоу шаарында окууну пландап жатам. Кичинекей кезимден эле чет өлкөдө окусам экен деп кыялданчумун. Анан тесттен өтүп кеткенден кийин Кытай мамлекеттинде окууга мүмкүнчүлүк болду», - деди ал.

Студент үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×