Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 17.01.2018 15:04

Таласка кургак учукка каршы күрөшүү үчүн жаңы медициналык жабдуу алынды

Turmush -  Талас облусуна кургак учукка каршы күрөшүү үчүн жаңы медициналык жабдуу алынды. Бул тууралуу Улуттук фтизиатр борборунун директору Абдуулат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, бул жабдуу аркылуу адамдын кан басымын өлчөөгө, жүрөктүн согушун, кандагы кычкылтекти жана дененин температурасын текшерүүгө болот.

«Бүгүнкү күндө республика жана Талас облусунда кургак учукка кабылгандардын саны азайып жатат. Бул ооруну сакайтса болот. Бирок ар убак дарыгердин көзөмөлүндө болуш керек. Кургак учук менен ооруган адамдар дары-дармек менен акысыз камсыздалат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×