Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Талас

Манас районунда гаражда турган «Honda CR-V» унаасы толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Талас облусунун Манас районунда гаражда турган «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өрт кырсыгы кечээ, 27-январда Манас районунун Чоң-Капка айылында катталган. Унаанын ээси гаражга жылыткыч сайып, унутуп койгон. Анын кесепетинен өрт чыккан.

Жыйынтыгында өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү өчүрүшкөн. Унаа толугу менен күйүп кеткен, ал эми турак жайга залакасы тийген эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1409
Көп окулду
×