Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык окуучу Н.Абдыкаимов эркин күрөштөн 25 медаль утту (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 18 жаштагы тургуну Нуржан Абдыкаимов эркин күрөш менен машыгып, 4 жылдын ичинде 25 медаль алууга жетишти. Аймактык кабарчы балбан жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, күрөшкө классташтары менен кошо барганда кызыгып калган. Азыр Т.Айтматов атындагы орто мектебинде 11-класста окуйт.

«Райондук, облустук жана республикалык турнирлерге катышып жүрөм. Күрөшкө катышып баштаганыма 4 жыл болду. 4 жылдын ичинде 25 медаль уттум. Буйруса дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратам деген ойдомун. 2015-жылы Изабековдун турниринде 1-орунга татыктуу болдум. 2016-жылы Талас шаарынын мээринин кубогунда 2-орунду алгам. 2017-жылы Бишкек шаарында өткөн республикалык турнирде 3-орунду алгам

Мелдештердин алдында салмак кууп, арыктоого аракет кылабыз. Азыркы учурда кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин машыгабыз. Ушул даражага жеткирген ата-энеме, бир туугандарыма жана машыктууручум Шүгүрбеков Тынчтык агайыма ыразычылык билдирем», - деди ал.

Жаш балбан 7 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 708
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×