Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусуТалас району 05.02.2018 10:20 На русском

Эгиздер: Байэл менен Нурэл эгиз болорун укканда апасы кубанычтан улам ыйлаган (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылындагы 5 жаштагы эгиздер Байэл менен Нурэл Сейитбековдор иниси Тариэл менен биригип бейбаштык кылышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Эгиздердин апасы Самара Алиеванын айтымында, балдары эгиз болорун жолдошу Самаган Баялиев экөө Казакстанда иштеп жүргөндө билишкен.

«Ал убакта жолдошум Самаган экөөбүз Астанада иштеп жүрчүбүз. 1 ай болуп калганда дарыгерге көрүнсөк эгиз деп сүрөтүнө чейин көрсөтүшкөн. Жанымдагы Асел аттуу кайын эжем да кошулуп, баарыбыз кубанычтан ыйлап жибердик. 2 ай болуп калганда Кыргызстанга келдик. 2012-жылдын 21-декабрында көз жардым. Биринчи Байэл, 15 мүнөттөн кийин Нурэл төрөлдү. Аларды багууга жолдошум, кайын атам менен кайын энем жардам көрсөтүштү», - деди ал.

Эгиздердин атасы Самаган мырзанын айтымында, балдары бири-биринен айырмаланып турат.

«Байэл менен Нурэл бири-биринен айырмаланып турушат. Бет түзүлүшү жана жүргөн жүрүш-турушу менен айырмалайбыз. Байэл мага, Нурэл апасына окшош. Кичинесинде Байэл ыйлаак, Нурэл жоош болчу. Үйгө конок келери менен Байэл ыйлап концерт коёр эле. Багууда чоң ата, чоң энеси чоң жардам беришти. Чоң атасы атайын эгиздер үчүн жасалган коляскага салып жүрүп бакты. Байэлдин мүнөзү ачык, Нурэл кичине түнтүрөөк, көп сүйлөбөйт», - деди ал.

Жубайлар эгиздерден кийин 2013-жылы 30-декабрда Тариэл аттуу дагы бир уулдуу болушкан.

«Эгиздер менен ортосу 1 жаш 8 күн болгондуктан ал балам дагы эгиз балдарыма аябай окшошуп кетет. Үчөө биригип алып бейбаштык кылышат (күлүп). Бирок үчөө тең тырышчаак, таза жүрүшөт. Эгиздерибиз айылдагы «Келечек» бала бакчасына барышат. Өзүм үй кожойкеси жана бактылуу жубай катары балдарды тарбиялоо менен алекмин. Ал эми атабыз жеке ишкер», - деди Самара жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×