Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык уста Т.Курманкулов 5 жылдан бери кепкирлерди токуп сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 53 жаштагы тургуну Токтобек Курманкулов 5 жылдан бери зымдан кепкирлерди токуп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсү менен устачылык менен алектенишет.

«Атам уста киши болгон. Айылда жашагандыктан устачылык өнөр эң керектүү кесип деп бир туугандарымдын баарына үйрөткөн. Мен өзүм 5 жылдан бери кепкир токуп келем. Аларды 3 түрлүү кылып токуп, көлөмүнө жараша баалап сатам. Чоңу, ортончусу, кичинекейи болуп бөлүнөт. Чоңдору 150 сомдон, андан бир аз кичирээги 130 сомдон, эң кичинеси 100 сомдон сатылат. Бир күн кечке токуп отурсам 5 кепкир даярдап коём. Токуган зымдардын 1 кг 80 сомдон сатып алып келем. Ал зым 10 кепкирге кенен жетет. Ал эми саптарын теректен жасайм. Көбүнчө буйрутма аркылуу токуйм, айыл тургундары көп буйрутма беришет. Бул иш менен көбүнчө кышкы убакта алектенем. Азыркы учурда кичинелерине көп буйрутма түшүүдө», - деди ал.

Уста жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1467
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×