Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык 14 жаштагы А.Нусупбеков грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Абдуазиз Нусупбеков грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жарата баштады. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2013-жылдан бери спорт менен машыгат. Учурда 8-класстын окуучусу.

«Мен 5-классымдан бери күрөшкө катышып келем. Күрөшкө агам Мубидин түрткү болуп катыштырган. «Аганы көрүп ини өсөт» дегендей акемди көрүп, күрөшкө катышып калдым. Акем да мелдештерден алдыңкы байгелерди алып келчү. 5 -классымда айылдагы залга барып, машыктыруучум Бакыт Алымбеков агайымдын колунда машыга баштадым. Өзүм кызыгып машыга баштагандыктан бат эле өздөштүрүп кеттим. 4 жылдын ичинде 15 медаль, 16 дипломдун ээси болгонго жетиштим. Медалдарымдын көпчүлүгү 1-орун үчүн берилген. Район, облустук турнирлерден 1-орундарды багындырып жүрөм. Жаш өспүрүмдөр көбүнчө район, облустар аралык эле мелдешке катышат эмеспи.

Азыркы учурда 39 кг салмак менен күрөшүп, Таластын ичинен эле ийгиликтерди жаратып жатам. Күнүнө кечкисин саат 18:45тен 21:00гө чейин машыгып турам. Менин ар бир жараткан ийгиликтерим менен чоң апам, ата-энем, бир туугандарым жана агайым сыймыктанып келет», - деди ал.

Балбан бала үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
Көп окулду
×