Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Жаш талант: Таластык окуучу Н.Зулумбеков айылдын кооз көрүнүшүнүн макетин жасады (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылындагы 7-класстын окуучусу Нурбол Зулумбеков айылдын кооз көрүнүшүн жана айыл чарба техникаларынын макетин жасады. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аталган макетти 2 ай мурун жасай баштаган. Мектептер аралык жаш ойлоп табуучулар арасындагы сынактарга байма-бай катышып турат. Былтыр ойлоп табуучулардын облустук деңгээлдеги сынагына катышып, байгелүү орунга ээ болгон. Келечекте инженер болууну көздөп жатат.

Анын жөндөмдүүлүгүн байкаган ата-энеси колдорунан келген жардамын берип жатышат. Атасы Эрлан Береналиев электр тармагында эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1157
×