Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык Ж.Ордобаев брама короздорду 4 миң сомдон сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Жалгасын Ордобаев 4 жылдан бери брама породасындагы тоокторду багууда. Аймактык кабарчы анын чарбасы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул тоокторду жакшы семиртсе 5 кг чейин эт берет.

«Мындан 4 жыл мурун ушул тооктордун жумурткалары 50 сомдон 100 сомго чейин сатылып калды. Мен жумурткаларын сатып алып, бастыртып чыгарып көбөйтүп алдым. Булар көлөмү жактан чоң болуп, жумуртка, эт багытындагы тооктор болуп эсептелет. Жакшы семирсе 5 кг чейин эт берет. Азыркы учурда 30дан ашуун тоок бар. Кышкысын күнүнө 1 маал жумуртка берет. Алардын бир даанасын 50 сомдон сатам. Саткандан тышкары өзүбүз көп жейбиз. Жумурткаларды көрүү үчүн көптөр кызыгып келишет.

Тоокторго 2 маал жем чачам. Жемди өзүбүз даярдагандыктан чыгашага көп деле каражат кетпейт. Сатып алам деп көп кардардар келип турат. Короздорун 4 миң сомдон сатсам, мекиш тоокторун 600 сомдон 1 миң сомго чейин сатам. Кыштын күнүндө азайтып, жаз алды менен көбөйтүп баштайм», - деди ал.

Фермер 4 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1175
Көп окулду
×