Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Жаш талант: Кара-бууралык У.Далабаев 4 жылда эркин күрөштөн 17 медаль утту (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 17 жаштагы тургуну Уран Далабаев 4 жылдын ичинде эркин күрөш боюнча 17 медалдын ээси болууга жетишти. Аймактык кабарчы балбан жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, айылдагы Эшенкул атындагы спорт комплексинде машыгат.

«Күрөшкө эң биринчи досторум, классташтарым менен барып, кызыгып калгам. Башында 33 кг салмак менен күрөшүп баштагам. Эң биринчи ийгилигим Арчагул айылында болгон. Ал жактагы мелдештен 3-орунду ээлегем. Кийинчерээк Көк-Сай айылындагы мелдештен 2-орунду алгам. Андан кийин облустук, шаардык мелдештерге чыгууга жетиштим. Талас облусунун мектеп окуучуларынын арасында өткөн спартакиадада 2-орунду алдым. Шейшенбек Жумашевдин элесине арналган турнирде 1-орунга ээ болдум.

Алгач күрөшүп жүргөндө атаандашыма утулуп калып ыйлаган элем (күлүп). Дагы бир баланы утуп алып, сырттан урушкан күндөр болгон. Бирок ал балдар менен азыр жакшы достордонбуз», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×