Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.02.2018 10:00

Мекендештер: Кара-бууралык Бекзат Стамбулда ашпозчу болуп иштеп, «Жеки» атка конду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 21 жаштагы тургуну Бекзат Ажибеков 3 жылдан бери Стамбул шаарында ашпозчу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Стамбулга 2015-жылы барып, ашпозчунун жардамчысы болуп ишке орношкон. Азыр Европанын жана түрк салаттарын жасайт.

«Өзүм бала кезимден ар кандай тамактарды жасап, ашпозчу болгонго кызыкчумун. Акыры тилегим орундалып, Талас шаарындагы кафелердин биринде 1 жыл ашпозчу болуп иштедим. Андан кийин Стамбул шаарына келип, кесибим менен иштеп калдым. Учурда тамакка керектелүүчү азыктарды туурап, бир нече салаттарды даярдайм.

Биринчи келгенде түрк тилин көп түшүнбөй кыйналып жүрдүм. Башка чөйрөгө кошулгандыктан башында бир топ кыйын болот экен. Мага бул жактан жумуш табуу кыйын деле болгон жок. Иштеген адамдар менен бат эле тил табышып кеттим. Эң кызыгы бул жактагылар мени биринчи жолу көргөндө кытай же япон деп ойлошуптур (күлүп). Ошондон кийин мага «Жеки» деп ат коюп алышкан. Алдыда ойлорум ишке ашса Кыргызстанда өзүмдүн ресторанымды ачам», - деди ал.

Ашпозчу жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×