Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Талас облусуТалас району 07.02.2018 16:17

Жаш талант: 14 жаштагы Шумкар сүрөтчүлөрдүн республикалык сынагында 1-орунду алды (фото)

Turmush -  Талас районунун А.Огомбаев айылынын 14 жаштагы тургуну Нуржан уулу Шумкар сүрөт тартып, ийгиликтерге жетишип келет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 7-класста окуйт.

«2-классымдан баштап сүрөт тартып баштагам. Атам сүрөт жакшы тарткандыктан көрүп жүрүп үйрөнүп алгам. 3-классымда Талас шаарындагы сүрөт ийримине катышып, жакшы ийгиликтерди жарата баштадым. Мектеп ичиндеги сынактарга активдүү катышам. Сүрөт сабагын окуткан Жээналиев Жайлоо агайым көп жардам берип келет. Эже-агайларыма ыраазычылык билдирем.

2014-жылы С.Каралаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган сынакка катышып, грамота менен сыйландым. Ал менин эң биринчи сыйлыгым болгон. Андан кийин 2016-жылдагы сынакта «Алтын күз» темасында жаратылыш тууралуу сүрөт тартып, 1-орунга ээ болгом. Жакында Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сүрөт тартып, республикалык сынактан 1-орунду ээлеп келдим. Анда «Биринчи мугалим», «Кыямат», «Эрте келген турналар» чыгармалары боюнча сүрөт жана Ч.Айтматовдун портретин тарттым», - деди ал.

Сүрөтчүнүн апасы Анара Атабекова уулунун ийгиликтерин көрүп сыймыктанып келет.

«Шумкар үйдүн улуусу. Шумкардын жетишкен ийгиликтери бир гана уулумдуку эмес, жалпы мектеп мугалимдеринин салымы чоң. Биз үй-бүлөбүз менен колдоп, сыймыктанып келебиз. Сүрөт тартам деген учурда тынч коёбуз. Эгерде алаксытсак оюндагыдай сүрөт тартпай, көркүнө чыгара албай калат. Илхом келген маалда эле кагаз бетин чиймелеп калат», - деди ал.

Жаш сүрөтчү үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×