Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Ош

Дайынсыз жоголгон Жамилянын туугандары милицияга 10 жылдан кийин кайрылышкан (толукталды)

Turmush -  Бишкектеги Октябрь РИИБдин кызматкерлери 11 жыл мурун дайынсыз жоголгон Нияз кызы Жамиляны табышты. Бул маалыматты бүгүн, 7-февралда ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Жамилянын жакындары (тайлары) укук коргоо органдарына арыз менен 2017-жылы кайрылган. Алардын айтымында, кызы 2007-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 28 жашка толгон Жамиляны табышты. Учурда анын абалы жакшы, туугандары менен бирге.

Нияз кызы Жамиля

Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчылары Жамилянын атасы Нияз Сулайманов Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылында жашап жатканын такташты. Ал быйыл 85 жашта.

Айыл башчысы Жолборс Муратовдун айтымында, Жамиляны Нияз Сулаймановдун экинчи жолу турмуш курган жубайы төрөгөн.

«Нияз Сулайманов биринчи аялынан 3 кыздуу болгон. Экинчи аялынан 1 кыз, 1 уулу бар. Кызы таякелеринин колунда чоңоюп, 2003-жылы апасы кайтыш болгондо гана келген. Андан кийин Бишкекте апасынын туугандары менен жашап жүргөн. Кийин алар менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткени тууралуу укканбыз. Бүгүн кыздын иниси Эрмектен сурасам, "табылды деп уктум, бирок мен эжемди көрө элекмин" деди. Иниси Эрмек 1996-жылы төрөлгөн, учурда үй-бүлөлүү», - деди Ж.Муратов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22886
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×