Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Талас

Жаш талант: 15 жаштагы Баяман бий боюнча таймаштарда алдыңкы орундарды багындырууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылынын 15 жаштагы тургуну Баяман Шадыков бийчилик өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2010-жылдан бери бий менен алектенет. Учурда «Dance house» бий тобунун мүчөсү.

«Бий боюнча таймаштарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келем. 2010-жылы Казакстанга да барып бийлеп келгем. Эң биринчи бийден Т.Садырбаев агайыбыз сабак берди. Атаандаштарыбыз күчтүү болгондуктан агайыбыз моралдык жактан колдоп турчу. Өзүмдөн улуу бийчилерден утулуп калсам дагы өзүм теңдүүлөрдөн утулбаганга аракет кылам.

2010-жылы Бишкекте өткөн бий боюнча мелдештен 1-орунду алгам. 2017-жылы дагы Бишкектеги батлдан 1-орунду алып келдим. Быйыл «Короли танцпола» сынагында 1-орунду алдык. Уткан 15 миң сомду сынактарга кийим тиктиргенге сарптадык», - деди ал.

Бийчи бала үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 901
Көп окулду
×