Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Түгөйлөш: Таластык Айдана ырчы Г.Асанова окшош болуу үчүн комуз чертүүнү үйрөнүүдө (фото)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 19 жаштагы тургуну Алмазбек кызы Айдананын келбетин тааныштары ырчы Гүлнүр Асановага окшоштурушат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда студент. КВНдин активдүү катышуучусу.

«Окууда активистмин. Окуу жайыбызда болгон концерт жана ар кандай сынактарга катышып, көптөгөн грамоталарды алгам. Ыйман жана маданият жылына карата уюштурулган маданий фестивалдан командабыз менен 1-орунду ээлегенбиз. Мектептен да алган сыйлыктарым бар. Биздин тайпа дагы «Окуу жайдын эң мыкты тайпасы» деп аталып, Ош шаарына саякаттап келгенбиз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле ырчы Гүлнур Асановага окшоштугун белгиледи.

«Ырдаганды абдан жакшы көрөм. Мени көргөн адамдардын көптөрү «актрисага окшошсуң» деп калышат. Тайпалаштарым «Гүлнур Асановага окшошсуң» деп айтышат. Мага Гүлнур эженин чачынын узундугу жагат. Мен да ага окшоп, чачымды узун кылып өстүрүп, комуз чертүүнү үйрөнүп жатам. Келечекте өз кесибимди аркалап, мыкты юрист болгум келет», - деди ал.

Айдана үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Ырчы Г.Асанова

Гульнур-Асанова-1

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1530
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×