Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Таластын Таш-Арык айылынын жигиттери магышуучу зал ачуу үчүн ири каражат топтошту

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылынын 28 жаштагы жигиттери — Рыскелди Төрөкулов, Саламат Эсенаманов, Руслан Мамыров, Исламбек Попешов, Таштемир уулу Нурис, Жылдызбек Масалбеков, Ринат Кожобеков, Казым уулу Мурат, Каныбек Жакыпбековдор айылда марафон уюштурушту. Аймактык кабарчы аларга марафондун максаты жөнүндө собол узатты.

- Сиздер уюштурган марафондун максаты эмне?

- Марафондун максаты — спортту өнүктүрүү, жаштарды спортко кызыктыруу. Жаштар терс көрүнүштөр менен алектенбестен спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдашсын деген максатта айылдагы А.Эсенбеков атындагы орто мектептин жер төлөсүнө машыгуучу зал ачууну көздөп жатабыз.

- Марафон кайсы жерде, кайсы күнү өттү?

- Марафон 3-февралда мектептин спорт залында өттү.

- Ага кимдер катышты?

- Марафонго болжол менен 150-200гө жакын адам келди. Таш-Арык айылынын тургундарын чакырганбыз. Андан тышкары мектеп, айыл өкмөт, «Манас ордо» комплекси катышып, колдоо көрсөтүштү.

- Жалпы канча акча чогулду?

- Марафондо 120 миң сомдой акча чогулду. Андан тышкары биздин балдарда чогултулган 30 миң сомдой акча бар болчу.

- Акчаны эмнеге сарптайсыздар?

- Азыркы тапта Бишкекте машыгуучу залга керектелүүчү жабдыктарды алып жүрөбүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×