Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Талас облусуМанас району 08.02.2018 14:40

Манас жана Кара-Буура райондорунун тургундары Жогорку Кеңештин депутатына көйгөйлөрүн угузушту

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Манас районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы катышкан жыйында тургундар билим берүү, спорт, таза суу, жол маселелерин көтөрдү. Мындан тышкары Манас районунун Май айылынын аталышын өзгөртүү сунушу айтылды.

Жыйында Манас районунда СССР тарагандан бери 1 гана мектеп курулуп пайдаланууга берилип, 2 мектеп капиталдык оңдоодон өткөнү айтылды. Май айылында 16 млн сомго курулуп жаткан спорт залдын иши 2 айда бүтүп, ишке берилет. Жергиликтүүлөр аймактарда дыйканчылык боюнча адистердин кыскаруусу, мугалимдердин маянасы, пенсия боюнча өз көйгөйлөрүн айтышты.

Райондо чакан жана ири ишкерликти өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга аймактарды өнүктүрүү фондуна 23 долбоор өткөнү белгилүү болду.

Депутат андан кийин Кара-Буура районунун Шекер айылынын эли менен жолугушту. Жыйынга 300 дөн ашык адам катышты. Эл укук таануу жана билим берүү тармагындагы маселелерге басым жасады. Район тургундары сот иштеринин акыйкатсыздыгы тууралуу 3-4 ишти маселе катары айтты.

Билим берүү тармагында бир класста окуучулардын саны 34 балага чейин жетип, мугалим окуучуларга көңүл буруп жетишпей жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары сүттүн баасынын төмөндөшү, таза суу, жол, газ киргизүү, жайыт маселелери айтылды. Айыл тургундары Жогорку Кеңешке Аманбаев айылындагы 6 айылга арналган 23 орундуу ооруканага хирургия бөлүмүн куруу жөнүндө кат жолдошту. Жыйында Кара-Буура районунда 4 объекттин (бала бакча, мектеп, оорукана) курулушу жүрүп жатканы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×