Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Талас

Таластын тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Р.Момбековго облустагы көйгөйлөрдү билдиришти (видео)

Turmush -  Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 8-февралда Манас районунун тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы катышкан жыйында тургундар билим берүү, спорт, таза суу, жол, жайыт, трансформация маселелерин көтөрүштү.

Жыйында Манас районунда СССР тарагандан бери жаңы курулган 1 гана мектеп пайдаланууга берилип, 2 мектеп капиталдык оңдоодон өткөнү айтылды. Жергиликтүүлөр аймактарда дыйканчылык боюнча адистердин кыскаруусу, мугалимдердин маянасы, пенсия, жөлөк пул боюнча да көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Маалым болгондой, премьер-министр С.Исаковдун демилгеси менен Май айылында курулуп жаткан спорт залга 16 млн сом каражат бөлүнүп, жакын арада ишке берилиши күтүлүүдө. Талас облусунда чакан жана ири ишкерликти өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга аймактарды өнүктүрүү фондуна 23 долбоор өткөнү белгилүү болду.

Депутат чек ара, бажы төлөмдөрү боюнча суроолорго жооп берип жатып, күч органдарын катуу сынга алды. Күч органдары азыркы учурда жүргүзүп жаткан иши кандайдыр бир деңгээлде натыйжасыз болуп жатканын билдирди. Ошондой эле, чек арадан товарлардын контрабандалык жол менен өтүп жатканын маалымдап, жылда мамлекеттин бюджетине миллиондогон акча каражаты түшпөй калганын белгиледи.

Шекердеги жолугушуу

Депутат андан кийин Кара-Буура районунун эли менен Шекер айылында жолугушуп, жыйынга 300дөн ашык адам катышты. Эл укук таануу жана билим берүү тармагындагы маселелерге басым жасады. Район тургундары сот иштеринин акыйкатсыздыгы тууралуу 3-4 ишти маселе катары айтышты.

Билим берүү тармагындагы көйгөйлөр да көтөрүлүп, бир класста окуучулардын саны 34 балага чейин жеткени, мугалимдердин окуучуларга көңүл бурууга жетишпей жатканы айтылды. Р.Момбеков өз сөзүндө облус аймагында окуучулар арасында өз өмүрүнө кол салуу фактысы көп катталып жатканына басым жасап, билим берүү тармагындагы жетекчилерге нааразычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, райондо сүттүн баасынын төмөндөшү, таза суу, жол, газ киргизүү, жайыт маселелери айтылып, айыл тургундары Жогорку Кеңешке Аманбаев айылындагы 6 айылга арналган 23 орундуу ооруканага хирургия бөлүмүн куруу жөнүндө кат жолдошту. Жыйында Кара-Буура районунда 4 объекттин (бала бакча, мектеп, оорукана) курулушу жүрүп жатканы маалым болду.

Быйылкы жылы жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шекер айылында курула турган «Чыңгыз Ордо» комплекси үчүн 20 млн сом бөлүнүп, ушул жылы курулуш иши башталары айтылды. Мындан тышкары ар бир аймакта Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар, Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук драма театрда «Айтматов жана театр» фестивалы уюштурулат.

Бакай-Ата районундагы жолугушуу

Депутат 9-февралда Бакай-Ата районунун эли менен жолукту. Ал жерде дагы орчундуу маселелердин бири – айылдык кеңештердин депутаттарынын иш алып баруусу болду. Айылдык кеңештеги депутаттардын ишине көптөгөн нааразычылыктар айтылып, жергиликтүү бийликти көзөмөлдөгөн мыйзам толук кандуу иштебей жаткандыгы белгиленип, парламентке мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын беришти. Райондун эли мындан тышкары жайыт, таза суу, бүтпөй жаткан курулуштар, оорукана, билим берүү тармактарындагы көйгөйлөрдү билдиришти.

Талас району менен Талас шаарындагы жолугушуу

Эл өкүлү андан кийин Талас районунун жана Талас шаарынын эли менен жолугушту. Жыйынга катышкан 500гө жакын тургундар Талас шаарында акыркы жолу 1982-жылы мектеп курулгандыгын айтышты. Андан бери бир дагы жаңы мектеп курулган эмес. Окуучулардын саны көп болгонуна байланыштуу мектеп жана бала бакчанын имараттары жетишсиз.

Депутат өз сөзүндө социалдык имараттарды жеке менчиктен кайтарып алуу боюнча аракеттер натыйжалуу болбой жаткандыгын айтты.

«Социалдык имараттар убагында менчиктештирилип кеткен. Имараттарды кайтаруу боюнча маселе тиешелүү комитетте каралып, биз Башкы прокуратурага имараттарды кайра кайтарып алуу боюнча тапшырма бергенбиз. Ар бир 3 айда Башкы прокуратураны, сотторду чакырып, иштердин жүрүшү боюнча отчет алып турабыз. Таластын шаардык прокуратурасы өзү бала бакчанын ичине кирип алган. Таластын ШИИБи бала бакчада отурат экен. Кантип өздөрү отурган талды кыймак эле? СССР учурунда Талас шаарында 17 бала бакча бар болчу. Азыр 8 бала бакча калды. Бала бакча азайып жатат, балдар көбөйүп жатат. Бакчаларды көбөйтүү керек болчу», - деди депутат.

Рыскелди Момбеков жыйындын аягында өкмөттүн «Таза коом» долбоорунун алкагында Талас шаарында жайгашкан эски филармониянын имаратын оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады. Алдыга пландалган долбоорлор ишке ашып калса облустагы мамлекеттик мекемелердин бардыгы бир имаратта жайгашат. Натыйжада Талас шаарындагы 28 мекеменин имараты бошоп, аларды бала бакча кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, мамлекеттик мекемелердин бир жерде жайгашуусу жарандар үчүн ыңгайлуу болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4328
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×