Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Айыл турмушу: Жаш акын Арууке таластык рэперлерге ыр жазып берет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Орозбай кызы Арууке 3-классынан тартып ыр жазып келет. Анын учурда 200гө чукул чыгармалары бар. Аймактык кабарчы Арууке менен таанышты.

Арууке Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айылында 1998-жылдын 6-июнунда төрөлгөн.

«Поэзияга кичинемден кызыгуум артып, ыр жаза баштадым. Атам менен эжем дагы ыр жазат. Тукумумда чыгармачыл адамдар бар болгондуктанбы айтор, ыр жазуу мен үчүн чоң бакыт болуп калды. Эң алгач мекен, сүйүү, мугалим, ата-энем жөнүндө ыр жаздым.

Азыркы учурда өзүмө таандык 200дөй ырларым бар. Ырларымды классташтарыма, мугалимдериме белек катары тартууладым. Таластык белгилүү рэпер Темирлан Ашыраповдун ырларынын автору менмин. Он чакты ырынын текстин жазып бердим. Атымды чыгаруу максатында ырымды бекер эле тартуулагам. Алдыда ырларымды чогултуп, китеп жазайын деген ойлор бар», - деди ал

Каарманыбыз улуу жазуучу Ч.Айтматовдун «Жамийла» чыгармасындагы Жамийла менен Даниярдын небереси экендигин кошумчалады. Азыркы учурда Арууке Талас мамлекеттик университетинин орус тили факультетинде 2-курста окуп жатат. 4 бир туугандын эң кенжеси.

Ырлардан үзүндүлөр:

Бабам Манас аздектеген сени тил,
Таттыбүбү ак куу кылган сени - бил.
Байыркыдан из калтырган адамзат,
Айтматов бал тамдырган кыргыз тил!

Бакытым сен болсоң бажырайып,
Мен сага күнүң болуп ажарланып.
Жашоомдун маңызы сен, түбөлүгүм,
Сени сүйүп, күндө барам жанданып.

Неге билбейм бул жактыруу дайыма,
Мага берет күч-кубатын жаныма.
Сүйдүм окшойт, көндүм окшойт өзүңө,
Сени көрүп, жашоо үчүн бактыма.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1867
Көп окулду
×