Turmush - Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы «Нур» асыл тукум мал чарбасында Америкадан алынып келген абердин-ангусс тукумундагы 1,5 тонналык букалар, 900 кг уйлар багылат. Бул тууралуу чарбанын жетекчиси Карыпбай Көчөралиев билдирди.
Анын айтымында, ферма алгач дыйкан чарба катары түптөлгөн. 2014-жылы «Нур» асыл тукум чарбасы болуп өзгөргөн.
«Ошол жылы Америкадан абердин-ангусс тукумундагы 8 айлык 20 баш ургаачы торпок, 1 жаштагы эркек торпок алынып келинген. 3 жылда 60 баш торпок болду. Учурда фермада ар кайсы тукумдагы 150дөн ашык уй бар. Эркек торпоктор сатылып, ургаачыларын алып калабыз. Уйлардын орточо салмактары 600-700 кг. Эң чоң бука 1,5 тонна, эң чоң уй 800-900 кг чыгат. Бүгүнкү күндө малды 3 үй-бүлө багат. Бул уйлар сүт багытында эмес, эт багытында болушат. 1 уй күнүнө 3 кг жем, 12 кг чөп жейт. Кышында 1 жолу суу ичсе, жайында 2 жолу сугарылат.
Торпоктор 100 миң сомдон ашык акчага сатылып кетет. Көбүнчө алыскы облустардан келип алып кетишет. Келечекте асыл тукум малды көбөйтүп, санын 400 башка жеткиргибиз келет», - деди ал.