Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Талас

Жаш талант: Таластык Азиретхан музыкалык бир нече аспапта ойноп, тойлордо кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 16 жаштагы тургуну Мунаркан уулу Азиретхан комуз, гитара, аккордеон чертип, ыр жазып, дастан айтып, тойлордо да өнөрүн көрсөтүүдө. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мындан тышкары «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

«Манасты» 2-класымда айта баштадым. Мурда «Манасты» жаттап айтчумун. Бир жолу туугандарга жарым сааттан ашык «Манас» айтып бергем. Мурда жаттаган «Манасым» 1 мүнөткө эле жетчү. Бирок туугандарга айтып берип жатканда сөздөр өзү эле куюлушуп келип, көзүмдөн жаш чыгып, жарым сааттан ашык айтыптырмын. Көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге жетиштим», - деди ал.

Каарманыбыз комуз чертүү боюнча ийримден сабак аларын кошумчалады.

«Атам комузчу болгондуктан комузга кызыгуум арта баштаган. Талас шаарындагы А.Огомбаев музыкалык мектебинде сабак алып жатам. Жакында комузчу мугалими адистигин алып чыгам. Бул да жетишкендик деп ойлойм. Комуз менен көптөгөн ийгиликтерди жаратууга мүмкүндүк болду. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына барып, 1000 комузчунун катарында комуз чертип, президентибиздин ыраазычылык катына ээ болдум. Андан тышкары Кара-Көлдөгү сынактан 2-орунду камсыздадым. 2017-жылы Ысык-Көлдөгү «Достук шаңы» сынагынан 1-орунду алып келгенбиз, - деди ал.

Музыкант жигит аккордеон, гитараны кантип үйрөнүп алгандыгын айтып берди.

«Аккордеонду мага эч ким үйрөткөн жок. Атамдын үйдө жаңы аккордеону бар эле. Ошону алып окшоштуруп тарта берчүмүн. Бирок атамдан уялып, кайра коюп коер элем. Атам бир ирет Бишкек шаарына 1 айга кетти. Ошол маалда толук кандуу үйрөнүп алдым. Гитараны Бишкек шаарынан агамдан үйрөнүп келгем. Ал мага гитара белек кылып, азыр ошол гитара менен ырдап жүрөм. Андан тышкары азыр өзүмө таандык 10дон ашык ырым бар. Азыркы учурда ырларымды сурап жаткандар бар», - деди ал.

Жаш талант мындан тышкары аталган өнөрлөрү менен тойлордо кызмат көрсөтөт.

«Учурда кечелерде, тойлордо комуз менен дастан, күүлөрдү чертип, аккордеон гитара менен ырдайм. Буйрутма бергендерге «мынча сом болот» деп деле айтпайм. «Жүрөктөн чыкканын бере бериңиз» деп коём», - деди ал.

Азиретхан үй-бүлөдө 6 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 210
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×