Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: Таластык А.Шералиев 3 жылдан бери бокс боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Адилет Шералиев 3 жылдан бери бокс боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы мушкерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, бокс менен 2015-жылдан тарта машыга баштаган.

«Башында спортко катышып жүргөнүмдө кыйын эле болгон. Бирок өзүмдүн атам спортко жакын болгондуктан мени кичине кезимден эле күрөштүрүп ойнотуп, спортко болгон кызыгуумду күчөткөн эле. Эң биринчи Оштогу мелдештен атаандашымды жеңгенде өтө сүйүнгөм. Анда 2-орунду алган болчумун. Кийин Ысык-Көлдөгү турнирден 3-орунду алгам. 2016-2017-жылдары Бишкектеги мелдештерден 1-орунга ээ болгом», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×