Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жаш талант: Таластык М.Изланбеков грек-рим күрөшү боюнча чеберчилигин арттырууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 17 жаштагы тургуну Мадияр Изланбеков грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт менен 10 жашынан бери машыгып келет.

«Алгач Бейшенбиев Адылбек агайдын жетектөөсү менен машыга баштадым. Учурда Жолунбек уулу Бекжан агай машыктырууда. Эң биринчи мелдешим Кырк-Казык айылында өтүп, анда 3-орунду ээлегем. «Эмнеге 1-орунду албай калдым?» деп күрөшкө андан да катуу кызыгып калдым. Экинчи мелдешим 2- классымда Бакай-Ата жергесинде өттү. Бул турнирде жеңүүчү аталып, медалга ээ болдум. Кийин көпчүлүк турнирлерде алдыңкы орундарды ээлей баштадым. Азыркыга кезге чейин 50дөн ашуун медаль топтоого жетиштим. Келечекте Азия биринчилигин жана Олимпиаданы утууну каалайм. Ушул даражага жеткенге түрткү болгон ата-энеме, машыктыруучу агайларыма рахмат айтам», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×