Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык Г.Сманкулова кийим тигүүчү цех ачып, 6 адамга иш орун түздү (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлмира Сманкулова кийим тигүү ишканасын ачып, 6 адамды иш менен камсыздады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буйрутма алып иштеп жатканына 4 жылдын жүзү болду.

«Мектепти аяктаган соң тигүүчүлүк боюнча кыска мөөнөттүк окуу жайда окуп, тигүүчү кесибин алып чыккам. Апам, чоң энем да иштүү айымдар болушкан. Мурдараак үйдөн буйрутма алып кийим тикчүмүн. Кийин айыл ичинде туруктуу жумуш жок, кол өнөрчү айымдар көп болгондуктан алар менен биргеликте иш алып барайын деп, үй-бүлөмдүн жардамы менен тигүү ишканасын ачтым. Бул ишкананы 4 жылдан бери иштетип келе жатам. Өзүмдөн тышкары айыл ичиндеги колу иштүү 6 айымды иш менен камсыздап келем. Айлык акы иштегенибизге жараша бөлүнөт.

Бизге көбүнчө жазында жана күзүндө буйрутмалар түшүп турат. Көбүнчө мектеп окуучулары улуттук чыптама тиктиришет. Шырылгандарын 500 сомдон тигебиз. Көйнөктөрдү 300 сомдон тиксек, жаш балдардын чыптамалары 180 сомдон бааланат.

Жумуш жок учурлар да болот. Бирок кыйынчылыктарга карабастан баарыбыз чогуу иштеп жатабыз», - деди ал.

Чебер айым 6 баланын энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1272
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×