Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Талас облусуТалас району 13.02.2018 08:46 На русском

Таласта жолго чыга калган жылкы 11 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон унаа кырсыкка себеп болду

Turmush -  10-февралда Талас районунун Кара-Ой айылында болгон унаа кырсыктан 1 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 21:00 чамасында айылдык мечиттин тушунда болгон. Бишкек шаарынан Талас шаарына келе жаткан унаа менен Таластан Бишкекке чыгып жаткан унаалар кагышкан. Унаалардын бири жолдон чыга калган жылкыны коюп, андан кийин каршы тилкеде келе жаткан унаага урунган.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканасындагы дарыгерлердин айтымында, саат 22:00 чамасында унаа кырсыктан жабыркады деп 12 адам түшкөн.

«Бирөө ошол жерде эле көз жумган экен. Баарын текшерип жаттык. Кийин дагы бир аксакал келди. Анын жаракаты жеңил болгондуктан үйүнө чыгардык. Учурда экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирөөнүн башына операция жасалды. Калган сегизи ар кандай жаракаттардан улам жаракат бөлүмүнө жаткырылды», - деп айтылат маалыматта.

Ооруканага жаткырылгандар:

- Талас шаарынын 2017-жылы туулган тургуну Э.А., башынан жаракат алган;

- Талас шаарынын 1962-жылы туулган тургуну К.Ж., мээси чайкалган;

- Д. аттуу жабырлануучунун мээси чайкалган;

- Бишкек шаарынын тургуну К. уулу Б., мээси чайкалган;

- Талас шаарынын 1995-жылы туулган тургуну И.Ж., белинин сөөгү сынган;

- Талас шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Э. уулу Р., мээси чайкалган;

- Талас шаарынын 1996-жылы туулган тургуну К. кызы Г., мээси чайкалган;

- Талас районунун Көк-Ой айылынын 1989-жылы туулган тургуну К.А., мээси чайкалган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды;

- Талас шаарынын 1991-жылы туулган тургуну С.Ж., мээси чайкалган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды;

- Кара-Буура районунун Шекер айылынын 1991-жылы туулган тургуну К. уулу Б., мээси чайкалган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды;

- 1950-жылы туулган К.С., жеңил жаракат алган.

Кырсыктын айынан Кара-Буура районунун Шекер айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.М. каза тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×